Күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы баа абалы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирет, 2026-жылдын 9-апрелине карата Бишкек шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу материалдардын (мындан ары – КММ) бааларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, баа абалы чарба жүргүзүүчү субъекттерде төмөнкүдөй:
Бишкек шаарындагы май куючуу жайларда КММ салыштырмалуу баалары (09.04.2026-ж.)
| 12.01.2026г. | 09.04.2026г. |
«Мунай Пром» ЖЧК | ||
Аи-92 | 75,4 | 76,4 |
Аи-95 | 80,4 | 82,4 |
Д/о | 80,8 | 81,8 |
«Шнос» (Бишкекпетролиум) ЖЧК | ||
Аи-92 | 75,9 | 75,4 |
Аи-95 | 81,4 | 81,4 |
Д/о | 80,9 | 80,9 |
«РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть) ЖАК | ||
Аи-92 | 76,4 | 75,4 |
Аи-95 | 81,4 | 81,4 |
Д/о | 80,8 | 80,8 |
«Партнер нефть» ЖЧК | ||
Аи-92 | 75,4 | 75,4 |
Аи-95 | 81,4 | 81,4 |
Д/о | 80,9 | 81,9 |
«Альфа Ойл» (Redpetroleum) ЖЧК | ||
Аи-92 | 75,3 | 75,3 |
Аи-95 | 81,3 | 81,3 |
Д/о | 80,8 | 80,8 |
Автогаз (СУГ) | ||
ЖЧК «Мунай Пром» | 38,5 | 41,4 |
ЖЧК «Шнос» | 38,4 | 41,4 |
ЖЧК «Партнер нефть» | 38,4 | 41,4 |
ЖЧК «Альфа Ойл» (Redpetroleum) | 38,4 | 41,4 |
Атап айтканда, айрым рынок катышуучуларында жыл башына салыштырмалуу бензин жана дизелдик отунга баалардын бир аз жогорулашы байкалууда. Өзгөчө суюлтулган көмүрсутек газы (СУГ) рыногунда бардык негизги операторлор боюнча баалардын өсүшү белгиленди.
Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө өлкөлөр жана коңшу мамлекеттер менен салыштырмалуу талдоонун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасында КММ баалары орточо деңгээлде экендиги аныкталды. Тактап айтканда, бензин жана дизелдик отунга болгон баалар Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясына салыштырмалуу жогору, бирок Армения Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстанга салыштырмалуу төмөн. Айрым көрсөткүчтөр боюнча Беларусь Республикасы менен баалар бирдей деңгээлде.
ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер боюнча КММ баалары (09.04.2026-ж., сом/литр) | |||||||
| Кыргызстан (г.Бишкек) | Казахстан | Россия | Беларусь | Армения | Таджикистан | Узбекистан |
Аи-92 | 76,4 | 44 | 71,3 | 76,5 | 112,6 | 93 | 82,1 |
Аи-95 | 82,4 | 58,8 | 75,1 | 79,5 | 117,3 | 96,7 | 93,6 |
Дт | 81,8 | 61,7 | 86,4 | 79,5 | 122 | 100,3 | 92,2 |
СУГ | 41,4 | 20,6 | 35,7 | 40,5 | 44,5 | 62,9 |
|
КММ рыногундагы абал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан туруктуу негизде көзөмөлдө.