Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
08.04.2026 Маалымат борбору

ОсОО «Маркетинг Сервис» көрсөткөн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызматтарынын тарифтери каралды

Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызматтарынын тарифтерин аныктоо тартибине» ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан ОсОО «Маркетинг Сервис» көрсөткөн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызматтарынын тарифтерин макулдашуу боюнча эсептик материалдар каралды.

Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ОсОО «Маркетинг Сервис» тарабынан көрсөтүлгөн ичүүчү сууну жеткирүү жана саркынды сууларды агызуу кызматтарынын тарифтеринин прейскуранты каралды.

Бөлүм бул багыттагы иштерди мындан ары өнүктүрүүнүн жана улантуунун, ошондой эле башка суу менен камсыздоо ишканаларында да ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.