Талас облусунда эт сатууда баа тартибин бузуу фактылары аныкталды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан 2026- жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция Министрлигинин 2026-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө » №51 сандуу буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында мониторинг жүргүзүлүп, ага жергиликтүү УТРК Талас телеканалынын өкүлдөрү, салык кызматынын өкүлү, Талас шаарынын мэриясынын өкүлү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү катышышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын тегерегиндеги жана «Алтын Казык», «Глобус» супер маркеттериндеги эт сатуучу жайларда жүргүзүлдү. Талас облусунда буга чейин уй этине 670 сом жана кой этине 680 сом өлчөмүндө максималдуу чекене баа белгиленген. Бирок мониторингдин жүрүшүндө айрым соода түйүндөрүндө — атап айтканда «Алтын Казык», «Глобус» соода борборлорунда жана Оторбаев көчөсүндө жайгашкан дагы бир эт сатуучу жайда уйдун эттери белгиленген баадан жогору сатылып жаткандыгы аныкталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 290-беренесинин негизинде 3 протокол түзүлүп, тиешелүү административдик айып пулдар салынды.