КР ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы А.А. Мамыралиев эт рыногундагы абалды турукташтыруу маселеси боюнча кеңешмеге катышты
Бүгүн Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ошондой эле КР ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы А.А. Мамыралиевдин катышуусунда кеңешме өттү. Кеңешменин жүрүшүндө эттин баасын төмөндөтүү, ошондой эле Чүй облусунун аймагында убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген мезгилде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген бааларды сактоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө сөөксүз эттен тышкары уй жана кой этинин белгиленген бааларын сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин катышуучулары Чүй облусунун аймагындагы айрым соодагерлер тарабынан белгиленген бааларды сактоо талаптары толук көлөмдө аткарылбай жаткандыгын белгилешти. Мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында көзөмөлдү күчөтүү жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле акимдер тарабынан эт рыногундагы баа кырдаалын турукташтырууга багытталган, анын ичинде эт импортунун көлөмүн көбөйтүү жана этти республиканын аймагынан сыртка алып чыгууга тыюу салуу маселесин кароо боюнча сунуштар айтылды.
Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.