Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
30.03.2026 Маалымат борбору

Студенттер үчүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча конок лекциялар өткөрүлдү

Жыл сайын 15-март күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенттери үчүн конок лекцияларын өткөрдү. 

Иш-чара Кызматтын иш планынын 7.2-бөлүмүн ишке ашыруу максатында уюштурулган. Лекциялардын жүрүшүндө Кызматтын адистери керектөөчүлөрдүн негизги укуктарын, ошондой эле сатуучулардын, өндүрүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн милдеттерин талкуулашты.

Студенттер менен болгон бул жолугушууда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо менен метрологиянын байланышы баса белгиленип, мындан тышкары «Өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптары каралды.

Жолугушуулар ачык диалог форматында өтүп, суроо-жооп форматында студенттер жарандардын укуктарын коргоодогу актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат алып, практикалык мисалдар аркылуу билимдерин бекемдей алышты.

Сүрөт галереясы