Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
24.03.2026 Маалымат борбору

Баткен мамлекеттик университетинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш планынын негизинде 2026-жылдын 19-мартында Баткен мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуулар жүргүзүлдү.

Жолугушууда Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан студенттерге Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу тебеленгенде кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектеги боюнча толук маалымат түшүндүрүлдү. Андан тышкаары студенттер тарабынан берилген суроолорго толук маалыматтар берилди.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн ишмердүүлүгүн көрсөтүү жана жайылтуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар берилди.

Сүрөт галереясы