Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
18.03.2026 Маалымат борбору

Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногу

Калк үчүн мунай продуктыларын сатуу рыногунда кызматташтык жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында, 2026-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары - Кызмат) «Кыргызстан нефтетрейдейлери ассоциациясы» ЮЖБ, «Ишкерлер Альянсы» ЮЖБ, ошондой эле «ШНОС» ЖЧК, «Альфа Ойл» ЖЧК, «Мунай Пром» ЖЧК, «Партнер нефть» ЖЧК жана «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАК өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Нефтетрейдерлеринин маалыматына ылайык, азыркы учурда мунай продуктуларынын запасы 1,5-2 айга жетет.

2026-жылдын март айынын башында КММга болгон баалардын өсүшү катталган, буга Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалга байланыштуу россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордун дүң-өткөрүү бааларынын жогорулашы себеп болгон.

Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоонун алкагында Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлерине монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй талаптар коюлду:

Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлерине:

-күйүүчү-майлоочу материалдарга жана суюлтулган көмүрсуутек газына баалардын кескин жогорулашына жол бербөө;

- ички рынокту толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгына жол бербөө үчүн КММнын зарыл болгон запасы менен камсыз кылуу.

Сүрөт галереясы