«АЗИЗ» БАЗАРЫНДА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бишкек шаары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райондук администрациясынын, салык органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте «Азиз» базарында көчмө иш-чара өткөрүштү.
Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясына келип түшкөн «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамды бузуу болушу мүмкүн деген арыздын алкагында уюштурулду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия тарабынан арызда көрсөтүлгөн бардык маселелер каралды.
Ошондой эле соода жүргүзгөн субъекттерге Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Биргелешкен мониторингдин жыйынтыгында комиссия тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.