12.03.2026
Маалымат борбору
Бизнес-коомчулук үчүн КР «Атаандаштык жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо
2026-жылдын 13-мартында саат 9:30да атаандаштыкты адвокаттоо алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өз аянтчасында бизнес коомчулугу үчүн Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштерин өткөрөт.
Ушуга байланыштуу талкууга катышууну каалаган бардык кызыкдар тараптарды 12-март саат 17:00гө чейин 56-33-28 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.