10.03.2026
Маалымат борбору
Кызматкерлер үчүн сынак: «Активдүү кызматкер — Жакшыртуу аймагы»
«Интернетте өз үйүңдөй бол: укуктарыңды бил, акылдуу сатып ал» долбоору боюнча иш-чаралар планынын 14-пунктуна ылайык, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата, Службанын 2026-жылдын 27-февралындагы №27 буйругу менен бекитилген.
Служба тарабынан төмөнкү темада конкурс өткөрүлөт: «Активдүү кызматкер: Жакшыртуу аймагы».
Конкурска борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери катыша алышат.
Конкурс иши кагаз түрүндө же электрондук форматта даярдалышы керек, иштин көлөмү A4 форматындагы 2 барактан кем болбошу зарыл, шрифти — Times New Roman 14.
Конкурс иштери 2026-жылдын 31-мартына чейин кабыл алынат.
Жеңүүчүлөр конкурс комиссиясы тарабынан аныкталат жана акчалай сыйлык менен сыйланат.