Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүштү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында эт бааларына аймактар боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана калктын кызыкчылыктарын коргоо.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй маалыматтар аныкталды:
Джлал-Абад облусу (Манас шаары): сунушталган баалар — уй эти 680 сом/кг, кой эти 690 сом/кг.
Каракол шаары: уй эти 650 сом/кг (кечээги), жаңы уй эти 680–700 сом/кг жана андан жогору; кой эти 670–680 сом/кг.
Чүй облусу: чекене соодада уй эти 780–790 сом/кг, кой эти 770–780 сом/кг.
Ошондой эле соода түйүндөрүндө жана базарларда бааларды негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторинг иштери мындан ары да улантылат.